Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Парламент өкмөткө Кумтөрдөгү үлүштү көбөйтүүнү сунуштады


Мындай токтомду Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүнкү жыйында кабыл алды. Токтомдо кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" компаниясы менен түзгөн меморандум жокко чыгарылып, кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүлөрдү улантуу менен Кумтөр долбоорунда Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү сунушталды. Бул үчүн 23-декабрга чейин мөөнөт чектелди. Эгер Кыргызстандын контролдук пакет акциясы боюнча ыңгайлуу вариантка жетишилбеген учурда Кумтөр долбоору боюнча бардык келишимдерден бир тараптуу чыгуу жараянын демилгелөө тапшырылды. Бул токтомго ылайык, эми өкмөт Кумтөр боюнча жаңы келишимди түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташы керек.

Жогорку Кеңеш бүгүн Кумтөр кени боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду талкуулоону улантып, кечке чейин кызуу талкуу жүрдү. Бул меморандумда «Центерра Голд» менен биргеликте 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү каралган болчу. Депутаттар бул меморандумду Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деген жүйөө менен кабыл алышкан жок.

Буга чейин "Центерра Голддун" президенти Ян Аткинсон эгер парламент өкмөт сунуштаган меморандумду колдобосо, анда келишимди үзүүгө туура келээрин, мындай шартта “Центерра Голд” өз акционерлеринин кызыкчылыгын коргоо үчүн эл аралык арбитражга кайрылаарын "Азаттыкка" билдирген.
(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG