Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Орусия Жогорку Соту Европа Сотунун чечимин четке какты


Орусиянын Жогорку Соту ЮКОС компаниясынын коопсуздук кызматынан мурдагы башчысы Алексей Пичугиндин иши боюнча Адамдар укуктары боюнча Европа Сотунун чечимин четке какты. Жогорку Сот шаршембиде Пичугиндин ЮКОСто иштеп турганда бир нече адамдын өлүмү боюнча айыптуу деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. Европа Соту өткөн жылдын октябр айында Пичугинди мыйзамсыз соттолгон деп таап, аны актоо жана компенсация иретинде 9500 миң евро төлөп берүүнү Орусияга милдеттендирген эле. Бирок Орусия Жогорку Соту Европа сотунун талаптарын эске алган жок.

Пичугин бир нече кылмышка айыптуу делип 2005-жылы 20 жылга кесилген. 2007-жылы болсо бул өкүм өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган.

XS
SM
MD
LG