Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Бүгүн Улуттар Уюму түзүлгөн күн


24-октябрь 1945-жылдан бери уюмдун түзүлгөн күнү катары белгиленет. Бул күнү Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) уставы күчүнө кирген.

БУУ – дүйнөдө бейпилдикти, коопсуздукту камсыздоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык үчүн кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн түзүлгөн эл аралык уюм.

Уюмдун негизги максаты - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, улутуна, расасына, жынысына карабастан бардык адамдардын укугун сактоого үндөө болуп саналат.

Учурда БУУга 193 мамлекет мүчө. Кыргызстан 1992-жылы мүчө болуп кирген. Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан. Баш катчысы Пан Ги Мун. (SE)

XS
SM
MD
LG