Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:25

Z-Explorer ишмердиги боюнча түшүндүрмө берди


Компания бүгүн атайын билдирүү таратып, ушул күнгө чейин геологиялык чалгындоо, жерди изилдөө иштери менен гана алек болуп келгенин маалымдады. Билдирүүдө алтынды иштетүү же өндүрүү иштери али баштала электиги, Майдан айылындагы үйлөрдүн астын казып жатат деген маалымат чындыкка туура келбестиги айтылат.

Шамбесай кени жана келечекте курула турган өндүрүш комплекси турган жерлер мамлекеттин менчигиндеги запас жерлер деп эсептелип, алардын аймагында бир дагы калктуу конуш жок деген маалыматты Кадамжай районундагы Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгы да тастыктайт. Учурда компания экологиялык мыйзамдардын бардык талаптарына толугу менен жооп берет, деп да билдирүүдө айтылган. Бул фактты 2013-жылдын июнь айында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тастыктаган.

Билдирүүдө компания 2011-жылдан бери Кадамжай районундагы социалдык жумуштарга 8 миллион сомго жакын инвестиция жумшаганы, тоо-кен тармагына 15 миллион АКШ долларынан ашуун каражат кетирилгени жазылат.

Аталган кен казуучу компания Австралияга таандык. 18-октябрда Майдан айылынын тургундары аны иштетүүгө каршы чыгышкан. Алар ишкана айылга экологиялык зыян келтирет деген негизди карманышууда. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG