Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Жогорку Кеңеште «Айымдар клубу» түзүлдү


Клуб чечимдерди кабыл алууда гендердик теңчиликти камсыз кылуу, айымдардын жетекчилик дараметин көтөрүү максатында ачылды. Андан сырткары парламенттеги аялдардын туруктуу, кесипкөй уюмун түзүп, эл аралык аялдар кыймылдарына кошулууга багыт берүү максатын да көздөйт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Клуб USAID жана DFID эл аралык уюмдарынын Жогорку Кеңешке көмөктөшүү программасынын каржылык колдоосунда ачылды. Клуб 24-октябрдан тарта иштей баштайт. Аны ким жетектери тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG