Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:21

АКШ элчиси Германияга түшүндүрмө берет


Канцлер Ангела Меркелдин телефон сүйлөшүүлөрүн Вашингтон тыңшаган деген маалыматка байланыштуу АКШ элчиси түшүндүрмө берет. Германия өкмөтүнүн атын атабаган өкүлүнүн айтышынча, Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле бүгүн АКШнын Берлиндеги элчиси Жон Эмерсон менен кездешет. Түшүндүрмө талап кылуу эки союздаш ортосундагы чанда болчу окуя. Шаршемби күнү Меркель айым президент Обмага телефон чалып, АКШнын чалгындоо кызматы анын уюлдук телефондон сүйлөшкөнүн угушу ыктымал экенине нааразылыгын айткан.

Германия өкмөтүнүн өкүлү Штефан Сайберттин билдиришинче, Меркель “эгер берегидей жосун далиленсе, өз ара ишенимге чоң жарака салат” деген Барак Обамага. АКШнын улуттук коопсуздук агенттигинин мурдакы кызматкери Эдвард Сноуден Кошмо штаттардын өкмөтү сырт өлкөлөрдөгү телефон жана интернет сүйлөшүүлөрдү чогултканы тууралуу жашыруун маалыматтарды жарыя кылып жиберген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG