Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Кыргызстанда эми "Акча бар"


Михаил Агеев, "Акчабар" каржы порталынын түптөөчүсү
Михаил Агеев, "Акчабар" каржы порталынын түптөөчүсү

Кыргызстанда өлкөнүн тарыхында биринчи жолу каржы порталы түптөлдү.

"Акчабар" деп аталган порталдын максаты чет жактагы жердештерибизге жана алардын алыскы аймактардагы үй-бүлөлөрүнө жардам берүү жана керектүү каржы продуктту же банкты тандоого көмөк көрсөтүү. Эми биринчи кыргыз каржы порталынын жардамы менен булардын баарын бир тыйын коротпой жана үйдөн чыкпай эле жасаса болот.

"Акчабар" каржы порталы кыргызстандыктарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат? "Азаттыктын" суроолоруна "Акчабардын" демилгечиси, кыргызстандык Михаил Агеев жооп берди.

– Биринчиден, эмне үчүн "Акчабар" деген атты тандап алдыңыз?

– Ар бир продукттун аты жөнөкөй, акылга сыйган жана эсте калаарлык болушу керек. Ал ат жакшы нерсени билдирсе андан да жакшы. Менин оюмча, "Акчабар" – бул жогорудагы талаптарга жооп берген каржы порталы үчүн эң сонун ат.

– "Акчабар" порталын түзүүгө эмне түрткү болду?

– Мен жакында эле чет жакка акча котороордун алдында "Кайсы система аркылуу каражат которсом?" деген суроого туш болдум. Бардык акча которуу системаларынын сайттарын таап, ар биринин комиссиясын эсептеп чыкканга туура келди. Ошондон кийин акча которуу системаларын салыштырган сайтты түптөө ою келди.

– Көптөгөн угармандарыбыз чет жакта иштеп жүрөт. "Акчабардын" мигранттар үчүн кандай пайдасы бар?

– "Акчабар", мисалы, Кыргызстанга Орусиядан акча салгандарга алар үчүн эң пайдалуу акча которуу системасын тандаганга жардам берет. Ал эми башка жактан акча алгандар үчүн Кыргызстандагы тейлөө жайларынын так дареги жана телефондору камтылган карта бар.

– Барган сайын көп жарандарыбыз банк кызматтарынан пайдаланып жатат. "Акчабар" аларга кандайча жардам бере алат?

– Акча которуу системалары менен иштеп жатканда, банктардын насыя жана депозиттик продукттарын салыштырган аспап, же инструмент, жаратуу ою келди. Эми "Акчабардын" жардамы менен Кыргызстандын коммерциялык банктарынын сайттарына барып, керектүү продуктту издөө кереги жок. Учурдан пайдаланып, "Кыргызстан" коммерциялык банкына кеңеши жана маалыматы үчүн ыраазычылык билдирем. Алар биздин долбоорду колдогон биринчи банк болду.

– Алыскы аймактагы тургундарга да "Акчабардын" пайдасы барбы?

– Барган сайын маянасы пластикалык картага которулган Кыргызстандын тургундары көбөйүүдө. Картада акча сактоо ыңгайлуу жана коопсуз. Ошол эле маалда алыскы аймактардын тургундары жакын жердеги банкоматты издеп убара. Бул маселени биз Кыргызстандагы банкоматтардын ыңгайлуу картасы менен чечтик. Мисалы, Visa, "Золотая корона" ("Алай кард") жана China Union Pay карталарын тейлеген "Кыргызстан" банкынын республика боюнча 110 банкоматтары картада белгиленди. Башка банктардын банкоматтарын картага кошуу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Акчабар" – Кыргызстандагы эң биринчи каржы порталы
"Акчабар" – Кыргызстандагы эң биринчи каржы порталы
– Каржы терминдери менен баары тааныш эмес, ал белгилүү факт. Каржылык сабаттуулук "Акчабардын" ишмердүүлүгүнө киреби?

– Туура айтасыз, банктын ар бир кардары татаал каржылык терминдерди түшүнө бербейт. Биз дал ошол себептен сайтта каржы сөздүгүн жайгаштырдык. Жакынкы келечекте каржы сабаты, насыя, жеке жана үй-бүлөлүк каржыны башкаруу боюнча басылмалар түрмөгүн пландап жатабыз.

– Сайттын башка тилде жана смартфон версияларын иштеп чыгуу пландары барбы?

– Ооба, келечекте сайттын кошумча кыргызча жана өзбекче версияларын ишке ашыруу пландары бар. Ал эми мобилдик версия боюнча, "Акчабар" башынан эле смартфон жана планшеттер үчүн ылайыкташтырылган. Бул сыяктуу сайт – колдонуучу каерден кирбесин – ыңгайлуу болушу керек.

– Келечекке пландарыңыз кандай?

– Албетте пландар көп. Азыр биз "Акчабарга" кирген акча которуу системаларынын жана банктардын санын арбытуунун үстүндө иштеп жатабыз. Андан соң сайтты башка тилдерге которобуз. Жылдын аягына чейин iOS жана Android үчүн эпптерди ишке киргизүүгө аракет кылабыз. Угармандардын ой-сунуштарын күтөбүз. Мунун баары тууралуу биздин сайттан тааныша аласыз.
XS
SM
MD
LG