Интернет даректерди тескөөчү эл аралык мекеме интернеттеги серверлерди табууда колдонуу үчүн төрт жаңы доменди же символду кошту. Аттарды жана номерлерди ыйгарчу интернет-корпорациянын (ICANN) президенти үч тилдеги жаңы домендердин кошулушун “интернет тарыхындагы эң чоң өзгөрүү” деп мүнөздөдү.
Жаңы домен-символдор: кытайдын “оюн”, араптардын “веб”, орустардын “онлайн” жана “сайт” деген сөздөрү. Жаңы домендерге азыр интернет мейкиндигинде колдонулуп жаткан 300дөн ашуун суффикстер кошулат.
Жаңы символ-сөздөр интернетте серверлерди тейлөөдө пайдаланылчу латын эмес алгачкы домендер болот. Интернет корпорациянын билдиришинче, келечекте ким да, кайсы да мекеме болбосун жаңы домендерди колдонуп, интернетте каттала алат.