Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:48

Экологдордун айыбы жеңилине алмаштырылды


Арктикада мунай казууга каршылык көрсөткөн Greenpeace уюмунун мүчөлөрүнө жаңы айып тагылышы ыктымал. Бул жөнүндө Орусиянын тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин маалымдады.

Бир күн мурда тергөө абагында кармалып жаткан 28 активист менен эки журналисттин бейбаштык жасады деп жети жылга чейин кесилиши мүмкүн экени жарыя кылынган. Уюмдун адвокаты Александр Ляшенконун билдиришинче, экологдорду коргогон адвокаттарга жазанын түрү эмнеге алмашылганы тууралуу тийиштүү маалымат берилген эмес:

- Коюлган айыптар же коюлган жазаны өзгөртүү боюнча тергөө болот деп бизди эч ким эч жакка чакырган жок жана маалымат да берген жок. Азырга чейин андай эч нерсе болбоду.

Мурда алар каракчылык жасады деп күнөөлөнүп жаткан. Алар мурда айтылгандай каракчылык кылды деп соттолсо, 15 жылга чейин кесилиши этимал эле. Табият коргоочулардын Arctic Sunrise кемесинде кармалган активисттер 18 өлкөнүн жарандары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG