Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

"Центерранын" акциялары калыбына келе баштады


"Центерра Голддун" акция баалары, 24.10.2013
"Центерра Голддун" акция баалары, 24.10.2013
Канадалык алтын өндүргөн "Центерра Голд" компаниясынын акциялары калыбына келе баштады. Кечээ Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтүнө Кумтөрдөгү үлүштү көбөйтүүнү сунуштап, Канаданын алтын кенди иштеткен компания менен 23-декабрга чейин сүйлөшүүнү аягына чыгарууну тапшыргандан кийин бир акциянын баасы кескин түрдө 1 канада доллары 38 центке (C$1.38) түшүп кеткен. Акциялардын бир күндө бир доллардан көп түшүүсү кескин арзандоо болуп саналат.

Торонто фондулук биржасы Бишкек убактысы боюнча саат 19:30 ачылат. "Центерра Голддун" акциялары 24-октябрдагы сооданы көтөрүлүү менен баштады. Баалуу үлүш кагаздары 15 центке кымбаттап, учурда бир акция 4 канада доллары 25 центтен (C$4.25) сатылууда. Торонто убактысы боюнча саат 10:00 "Центерранын" 115 миң акциясы сатылды.

Кечээ баалуу үлүш кагаздар 4 канада доллары 10 цент (C$4.10) көрсөткүчүндө жабылган. Торонто жайгашкан Канаданын Онтарио штаты Кыргызстандан 10 саат артта.

"Центерра Голддун" акцияларынын акыркы жылдагы эң төмөн көрсөткүчү июлда – 3 канада долларына (C$3.00) түшкөн. Эң бийик көрсөткүчү былтыр ноябрда 11 канада доллары 64 центке (C$11.64) көтөрүлгөн. (BAz)

XS
SM
MD
LG