Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Евробиримдиктин саммитинин күн тартиби бузулушу этимал


Брюсселде ачылган Евробиримдиктин саммити АКШнын чалгындоо кызматтарынын уюмдун лидерлеринин телефон баарлашууларын жашыруун укту деген каңшаардын көлөкөсүндө калышы мүмкүн.

Германия бүгүн АКШнын элчисин чакырып, канцлер Ангела Меркелдин уюлдук телефондон сүйлөшүүсү угулган деген кабар боюнча түшүрдүмө берүүнү талап кылган.

Шаршемби күнү президент Барак Обама Меркел айымга Кошмо Штаттар анын уюлдук телефондон сүйлөшүүлөрүн “укпаган жана укпайт” деп кепилдик берген.

Жыйын алдында Франция президенти Франсуа Олланд Вашингтон европалык союздаштарынын лидерлерин аңдыган деген кеп-сөздөрдү талкуулаганга чакырган. Мындай кадамга француз жетекчилигинин телефон сүйлөшүүлөрү эсепсиз жолу тыңшалган деген кабар түрткү берди. Биримдиктин Брюссел саммитинде Европанын экономикасындагы жанданууну тездетүү, ошондой эле Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштан келген мыйзамсыз миграцияны токтотуу маселеси каралат.

XS
SM
MD
LG