Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Тажикстандык эмчи-молдо 7 жылга кесилди


Тажикстандык молдо сексуалдык ыдык көрсөттү жана көз боёмочулук кылган деп айыпталып, жети жылга соттолду. Душанбе шаардык сотунун өкүмүнө ылайык, аялдарды уруксуздуктан дем салып дарылап жүргөн Асадулло Ибрахимов 3 миң долларга жакын айып да төлөйт.

46 жаштагы молдо сентябрда дарыланам деп келген аялга дем салып жатып, жарым-жартылай жылаңачтап, өөп-кучактаганын көрсөткөн тасма YouTube сайтында жарыялангандан кийин камакка алынган.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Ибрахимов аялдардын акылын тумандатып туруп, ышкысын кандырган. Молдо өзү “шариатты бузушум ыктымал, бирок Тажикстандын мыйзамдарын бузбадым” дейт. Ибрахимовдун адвокаттарынын айтымында, ошол аял молдону жаманатты кылуу үчүн ушундай бузукулукка барыптыр. Молдонун аялы да күйөөсүн ак деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG