Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Путин: Кыргызстан Бажы биримдигине киришине каршылык жок


Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен Армениянын бул уюмга кошулушун колдоорун Минскидеги Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Орусия президенти Владимир Путин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Армениянын биримдикке кириши боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Ал топ тез арада тиешелүү жол картасын даярдайт.

Ошондой эле Путин Украина Евробиримдик менен ассоциациялык келишим түзсө, Бажы биримдикке кошула албай турганын айтып, бирок Кремл Киевдин мындай чечимине кийлигишпей турганын билдирди. Аталган жыйындын алкагында Путин Украинанын президенти Виктор Янукович менен жолугуп, бул өлкөнүн Европа Биримдигине жакындоо аракеттерин талкуулайт. Буга чейин Орусия Украинанын Евробиримдикке кошулушуна каршылыгын билдирип, Бажы биримдигине кирүүгө үндөп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG