Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Бүгүн Минскиде КМШ саммити башталат


Анда уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык кызматташуу маселелери талкууланат. Бул саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев барган жок. Анын ордуна президенттин чечими менен биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын делегациясын жетектеп кетти. Президенттик аппараттан Атамбаевдин саммитке барбай калышынын расмий себебин түшүндүрүшкөн жок.

Ошол эле учурда бир катар талдоочулар Алмазбек Атамбаев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маселесинен улам саммитке барбаганын божомолдошууда. 2010-жылдагы апрель окуясында ошол кездеги өлкө башчы Курманбек Бакиев Беларуска качып, Минскиден башпаанек тапкан. Бакиевди өткөрүп берүү боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн Беларус бир нече жолу четке каккан.

Ал арада Беларус президенти Лукашенко Кыргызстанга эки тараптуу кзыматташууда тарыхтын жаңы барагын ачууну сунуштады. Анын пикиринде, эки тараптуу мамилени жандантууга КМШ өлкө башчыларынын саммити түрткү болушу керек.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG