Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Караколдогу окуя боюнча дагы бир адам камалды


7-октябрдагы Караколдогу башаламандык боюнча активист Кеңешбек Жумабаев УКМКга камакка алынганын анын адвокаты Шарабидин Токтосунов “Азатыкка” кабарлады. Анын айтымында, бейшемби күнү эртең менен УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкерлери Жумабаевди үйүнөн алып кетишкен. Андан соң Токтосуновго улуттук коопсуздук комитетинен Кеңешбек Жумабаевдин 7-октябрдагы Караколдогу башаламандыкка байланыштуу суракка чакырылганын билдиришкен. Бирок адвокат менен Жумабаевдин туугандары атайын кызмат анын кандай негизде, кайсы беренелерге ылайык кылмыш иши козголгону боюнча маалымат бербестен камак койгонун билдиришүүдө. Бул боюнча Улуттук коопсуздук комитетинен расмий маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Жумабаевдин жакындары анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу камакка алынганын болжошууда. Себеби, ал акыркы учурда оппозициячыл маанайдагы “Жаңы ордо” жана “Азат” гезиттеринде кабарчы катары иштеп жүргөн. Ошондой эле 7-апрелдеги Кумтөр меморандумуна каршы митингге активдүү катышкан. Кеңешбек Жумабаев буга чейин “Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Садыр Жапаров камалган учурда аны коргоо комитетинин башчысы катары нааразылык акцияларын уюштуруп жүргөн эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG