Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Депутат Караколдогу окуя боюнча комиссия түзүүнү сунуштады


Жогорку Кеңеш депутаты Курманбек Дыйканбаев Караколдогу окуяларды жана Жети-Өгүз районундагы нааразылык акциясын өткөрүп жаткан тургундардын талаптарын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дыйканбаев өзү кабарлады. Анын айтымында, түзүлө турган комиссия нааразылыкка чыгып жаткандардын талаптарын иликтеп, диалогго барышы керек. Депутаттын сунушу боюнча өкмөттөн комментарий бере элек.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Камактагыларды бошотуу талабы менен Жети-Өгүз районун Саруу айылынынын айрым тургундары нааразылык акциясын уюштурууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG