Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:28

Лейлекте Раззаковдун туулган күнү белгиленүүдө


Лейлекте Исхак Раззаковдун туулган күнүнө карата улуттук күрөш оюндары өтүп жатат. Аны республикалык "Исхак Раззаков” атындагы фонд жергиликтүү тургундар менен бирге уюштурган. Спорт оюндары “Уста” заводунун стадионунда өтүүдө.

Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында Лейлек районунун Коросон айылында туулган, 3 жашында ата-энесинен ажырап, 1918-жылдан тарта Тажикстандын Хожент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган.

1945-жылы, Кыргыз ССР министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетитинин биринчи катчысы болгон.

Төрт Ленин, эки “Эмгек Кызыл Туу” ордендери, Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы, “Кызыл Жылдыз” ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

1961-жылы улутчул деген айып тагылып, кызматтан алынган. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарын Москвада өткөрүп, 1979-жылы каза болгон. Кийин сөөгү Кыргызстанга алынып келген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG