Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Тогуз айда жол кырсыгынан 824 киши мерт кетти


Быйыл январь-сентбярь айларында Кыргызстанда жол кырсыгынан 824 киши каза болду. Ар түрдүү жаракат алгандардын саны 7 323. Бул тууралуу ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев бүгүн басма сөз жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, тогуз айда 5 123 жол кырсыгы катталган. Анын 394үндө айдоочулар мас абалда болгон.

Исаев жакында ичип алып машине айдагандарга айып пул 9 000 сомго чейин көтөрүлөөрүн билдирди. Учурда мас айдоочулар 2000 сомго чейин айып төлөйт. (SE)

XS
SM
MD
LG