Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Бишкекте шахмат турнири өтүп жатат


Бишкекте балдардын инженердик-техникалык академиясында шахмат боюнча "Алтын түйүн" кубогунун турнири өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка” мелдештин башкы калысы Азиз Умарбеков билдирди.

Акыл таймашына Бишкектен жана аймактардан келген 7 жаштан 80 жашка чейинки 55 шахматчы катышууда. 19-октябрда башталган акыл таймаштын жеңүүчүлөрүү 28-октябрда аныкталат.

Турнир швейцариялык система менен 9 турдан бир жарым сааттык мөөнөттө өтүп жатат. Мелдештин байге фонду 1 миң АКШ долларына барабар. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG