Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Катта-Туз боюнча Тажикстанга нота жиберилди


Катта-Туздагы окуя боюнча Тажикстанга нота жиберилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Нааразылык нотасын министр Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовго бүгүн тапшырды.

Тажикстандын атайын кызматынын чек ара аскерлери Лейлектеги "Катта-Туз" мунай ишканасын кайра иштетүү талабы менен 24-октябрь күнү аталган аймакка кирип алган болчу. Бүгүн түшкө жуук эки өлкөнүн чек ара жетекчилери Курманакун Матенов менен Шерали Мирзо телефон аркылуу сүйлөшкөндөн соң коңшу өлкөнүн чек арачылары чыгып кеткен. Тараптар такталбаган бул тилкенин пайдалануу боюнча чечимди өкмөт аралык комиссия кабыл алышы керек деген бүтүмгө келишкен.

Лейлектин Арка аймагында 40 жылга жакын аралыктан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул аймак июнь айынын соңунда кыргыз чек арачылары тарабынан бошотулган эле. Кыргыз тарап бул аймак толугу менен Кыргызстандын ичинде тураарын, чек ара талашы жоктугун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG