Учурунда Орусиядагы эң бай адам деп саналган Ходорковский 2003-жылдын 25-октябрында “салык төлөөдөн качкан” деп соттолуп, сегиз жылга түрмөгө кесилген. 2010-жылы ал өзүнүн ЮКОС мунай компаниясынан акча уурдаган деген күнөө менен экинчи ирет соттолду.
Ал келерки жылы августта түрмөдөн чыгышы керек. Азыр эми анын тарапкерлери Ходорковскийге жаңы айыптар тагылышы мүмкүн деп чочулап жатышат. Алар Ходорковскийди Кремль “саясий себептер менен гана отургузган” деп ишенишет. Бирок Адам укуктары боюнча Европа соту Ходорковскийдин ишин “саясий иш” деп тааныбай турганын билдирген.