Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Минскиде Грузияны КМШга кошуу чакырыгы айтылды


Минск саммитинин катышуучулары
Минск саммитинин катышуучулары
Минскиде КМШ лидерлеринин саммити Грузияны кайра шериктештикке кирүү чакырыгы менен аяктады. Грузияда ушул жекшембиде президенттик шайлоо өтөт жана өлкөнү 2008-жылы Орусия менен болгон согуштан кийин КМШдан чыгарып кеткен президент Михаил Саакашвилинин мөөнөтү аяктаганы турат. Бүгүнкү саммитти өткөргөн беларус лидери Александр Лукашенко: “Биз Грузияны кайра катарыбызга кошулсун деп чакырабыз”, - деди.

Бүгүнкү саммитте негизинен шериктештиктеги өлкөлөрдүн ичиндеги уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, мыйзамсыз баңгизат жана адам аткезчилиги өңдүү проблемаларды биргелешип чечүүнүн жолдору талкууланаары айтылган.

Орус президенти Владимир Путин дүйнө экономикасы кризистен оңолушун күтүп отурбай, ич ара экономикалык кызматташтыкты арттырууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG