Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Эки экс-министр тил кат менен бошотулду


Кыргызстандагы мурдагы каржы министрлери Болот Абилдаев менен Темирбек Акматалиев Бишкектеги Октябрь райондук сотунун бүгүнкү чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулушту. Бүгүн бир аз мурдараак Башкы прокуратура эки экс-министрди “Кумтөр“ боюнча “пайдасыз келишим түзгөн” деген айып менен кармаган болчу. Темирбек Акматалиев каржы министри катары 2001-2002-жж., ал эми Болот Абилдаев 2002-2005-жылдары иштешкен.

“Кумтөр” тууралуу 2003 жана 2009-жылы түзүлгөн келишимдер боюнча мурдагы бийликтердин бир канча өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG