Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Чүйдө тамакка ууланган окуучулар ооруканада


Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы орто мектептин тамакка ууланган 24 окуучусу райондук ооруканада кала берүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди. Анын айтымында, окуучулардын абалы жакшы. Аларга райондук жалпы дарыгерлик-практикалык борборунда медициналык текшерүү жүргүзүлдү.

Улануунун себеби азырынча белгисиз. Аны аныктоо боюнча Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иш жүргүзүп жатат. Алдын-ала божомол боюнча уулануу мектепте берилген таттуу токочтон болушу мүмкүн.

Окуяга байланыштуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жума күнү чукул жыйын чакырып, иш дыкат иликтенерин айтып, бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоону ички иштер министрине тапшырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG