Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Президент журналисттерди өлкөнүн кадыры тууралуу ойлонууга чакырды


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги жаңы көпүрөнү ишке берүү аземинде билдирди. Анын айтымында, тастыкталбаган маалыматтарды тараткан журналисттер көбөйдү. Мындан улам өлкө башчысы журналисттер да өлкөнүн кадыр-баркы тууралуу ойлонуп, Кыргызстанды каралаган макалардын ордуна, чындыкты чагылдырууга үндөдү.

Ошондой эле Атамбаев Кумтөр кенинин айласындагы абалга токтолуп, кендеги өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпоо керектигин белгиледи.

Ушул аптада Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча маселени талкуулап, өкмөткө андагы Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга чейин көбөйтүүнү тапшырган. Эгер “Центерра Голд” компаниясы мындай шартка көнбөсө, өкмөт Кумтөр боюнча келишимден бир тараптуу чыгуу демилгесин көтөрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG