Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Аба ырайы: чукул эскертүү


Шашылыш эскертүү:

27-28-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат.
Дыйканчылык аймактарда 0…-5 градус үшүк жүрөт, күндүз абанын температурасы өрөөндөрдө 1…6 градус жылуулукка чейин төмөндөйт.

Аба ырайы:

27-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарында карга айланышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге, Ысык-Көл аймагында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 1...6,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 4..9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9,
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Тоолордо түнкүсүн -9...-14 градус суук, күндүз 0...-5 градус болот

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Түнкүсүн 0…2, күндүз 4..6 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG