Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:19

"Гринпис" Эйфел мунарасында нааразылык акциясын өткөрдү


“Гринпис” уюму Орусияда кармалган активисттердин коё берилишин талап кылып, Париждеги Эйфел мунарасында нааразылык акциясын уюштурушту. Алар мунарага “Арктика Санрайзда” кармалган 30 активистти бошоткула” деген жазуулары бар плакаттарды кадап коюшкан. Франция бийлиги бир нече саатка мунараны туристтер үчүн жаап койду.

"Франция өкмөтүн 38 күндөн бери Орусияда кармалып аткан 28 активистти жана 2 журналистти азат кылуу үчүн аракет көрүүгө үндөйбүз. Француз өкмөтү жана премьер-министр Жан Марк Эро бир нече күндөн кийин орус президенти Владимир Путин менен жолугушмакчы. Биз ошол кездешүүдө активисттер маселесинин козголушун талап кылабыз", - деди “Гринпистин” Франциядагы өкүлү Сирил Кормье.

19-сентябрда Печор деңизинде "Гринпис" эл аралык экологиялык уюмдун кемеси орусиялык чек арачылар тарабынан кармалган. Активисттер "Газпромдун" Арктикада мунай өндүрүүсүнө каршы акция өткөрүүнү көздөшкөн. Борттогу 30 кишинин бардыгы камакка алынып, азыр Мурманск шаарынын абактарында кармалууда. Алардын арасында 18 өлкөнүн жарандары бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG