Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Саударабиялык аялдар машина айдагысы келет


Сауд Арабияда аялдар машина айдоого салынган тыюуга каршы нааразылыгын билдиришти. Айрымдары көчөлөргө машинелерин айдап чыгышса, башкалары интернеттеги социалдык сайттарга видео, сүрөттөрдү жайгаштырышты.

25-октябрда бийлик нааразылык акцияларына кошулгандар камакка алынаарын эскерткен. Сауд Арабияда аялдардын машина айдоосуна тыюу мыйзам түрүндө салынбаганы менен, өкмөт аялзат өкүлдөрүнө айдоочу күбөлүктөрдү бербейт. Чектөөнү колдогон өлкө диниятчылары аялдардын машина айдашы “бузукулукка” алып келет дешет.

Бүгүнкү акцияга машина айдап чыккан аялдардын көбү күбөлүктөрүн чет өлкөлөрдө алышкан.

XS
SM
MD
LG