Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Ат-Башынын жолу толугу менен оңдолууда


Нарын облусунун Ат-Башы районунун ички жолу оңдолду. Бүгүн анын ачылышы болуп жатат.

10 чакырымга созулган жол толугу менен оңдолот, бирок азыр бүтө элек. Жолго буга чейин 2,7 миллион доллар сарпталган. Жол Бишкек - Нарын - Торугарт жолун куруудан үнөмдөлгөн 4,5 миллион долларга оңдолуп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин өкүлү Кубанычбек Мамаев билдирди.

Узундугу 500 чакырымдан ашкан Бишкек - Нарын - Торугарт жолун эл аралык донорлор жана Кытайдын бир нече компаниясы курууда. Ат-Башыны айланып өткөн жол 2010-жылы курула баштап, 2014-жылга бүтүрүү пландалган. (TSh/AKu)

XS
SM
MD
LG