Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Баткен окуясынын курмандыктары эскерилди


Бүгүн Бишкекте Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Ушул жылдан тарта 26-октябрь 1999-2000-жылдардагы кооганы эскерүү күнү катары бекитилген.

Бүгүн борбордогу Баткен окуясынын курмандыктарынын эстелигине гүл коюлду. Эскерүү жыйынына күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана окуянын катышуучулары келди.

1999-жылы Баткенге "Өзбекстандын ислам кыймылы" аттуу топ кол салган. Баткенчилердин маалыматы боюнча, ага мурда аскерде кызмат өтөп кеткен 600гө чукул адам чакырылган. 82 киши набыт болгон. (AKu)

XS
SM
MD
LG