Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Чехияда коалиция боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


Чехиялык саясатчылар коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө киришти. Жума-ишемби күнкү парламенттик шайлоонун жыйнтыгында оппозициядагы социал-демократтар 20,5 процент добуш менен биринчи орунду ээлешти. Аларга парламенттин 200 орундуу төмөнкү палатасында 50 мандат тиймей болду.

Жаңы борборчул “АНО” (“Ооба”) партиясы 18,7 процент алды. Социал-демократтар менен коалицияга биригет делген коммунисттер 15 процентке жетпген добуш менен марага үчүнчү болуп келишти. Оңчулдар бул жолку шайлоодо утулушканын моюнга алышты.

XS
SM
MD
LG