Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

“Санпадагы” кандуу окуяга шектүү адам кармалды


Ош-Бишкек жолундагы "Санпа" пахта тазалоочу заводдун айланасында болгон 2010-жылдагы кандуу окуяга шектүү делип Тажикул Хужамбердиев кармалды. Сот анын баш коргоо чарасын 25-октябрда карап, эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сузак райондук сотунан кабарлашты. Буга чейин ал эл аралык издөөдө жүргөн. Хужамбердиев коогага чейин райондук кеңештин депутаты болгон.

2010-жылдын 13-июнунда “Санпа” заводунун жанына беш жүздөн миңге чейин адамдар топтолуп, ары-бери каттагандарга ок чыгарып, колдо жасалган ар кандай куралдар менен кол салышкан. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча, ошол күнү 16 адам каза таап, эки адам дайынсыз жоголгон жана 9 автоунаа өрттөлгөн. (KЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG