Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Меркелдин телефонун тыңшоо жөнүндө Обама билген эмес


Генерал Кит Александер жетектеген агенттик немис гезиттериндеги маалыматты "жалган" деп атады

Генерал Кит Александер жетектеген агенттик немис гезиттериндеги маалыматты "жалган" деп атады

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттиги немис канцлери Ангела Меркелдин чөнтөк телефонун тыңшоо жөнүндө президент Обама кабардар болбогонун билдирди.

Агенттиктин өкүлүнүн айтканына караганда, анын жетекчиси Кит Александер Германиянын лидеринин телефонун тыңшоо жөнүндө маселени президент Обама менен эч качан талкуулаган эмес.

Акыркы күндөрү немис гезиттеринде “Меркелдин телефонун агенттик 2002-жылдан бери тыңшап келатканы, Обама ал жөнүндө 2010-жылы билгени” айтылган эле. Немис жана америкалык чалгын кызматтарынын өкүлдөрү жакынкы апталарда муну Вашингтондо талкуулаганы жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG