Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Орусиядан миңге чукул кыргызстандык чыгарылды


Ушул жылдын тогуз айында Орусиядан 950 кыргызстандык соттун чечими менен мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүм башчысы Бакыт Үмөтов билдирди. Анын айтымында, Орусия миграциялык мыйзамдарын мурда эле катаалданткан. Ага ылайык, ушул жылдын башынан бери автоматташтырылган система иштеп жатат. Атайын маалыматтар базасында Орусияга кирген жана мыйзам бузган жарандар катталып, ал бардык посттордо колдонулат.

Москванын Бирюлево районунда 13-октябрда болгон башаламандыктан соң мигранттарды депортациялоо, текшерүү күч алган. Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды кармоо борборунда учурда 25 кыргызстандык барын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлаган. Анын айтымында, бул жарандардын көпчүлүгү Орусияда каттоого турбай, мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалган. Алар жакынкы аралыкта Кыргызстанга депортацияланышы мүмкүн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG