Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Грузияда Маргвелашвили жеңди


Грузияда алдын ала эсептөөдөн кийин президенттик шайлоодо Гиорги Маргвелашвили көпчүлүк добуш менен жеңгенин Борбордук шайлоо комиссиясы бышыктады.

Жекшембидеги добуштардын 90 пайыздан ашыгыраагы саналгандан кийин кабарлангандай, бийликтеги "Грузия кыялы" коалициясынын бул талапкери добуштардын 60 пайыздан ашыгын алды.

Кечээги шайлоодо берилген добуштардын 91 пайыздан ашыгы саналгандан кийин, бийлик коалициясынын талапкери Гиорги Маргвелашвили 62 пайыз алгандыгы маалым болду.

Кетип жаткан президент Михаил Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймылынын өкүлү Давид Бакрадзе 22 пайызга чукул добуш чогултту. Бакрадзе жеңилгенин моюнга алды.

Алдын ала эсептөө экс-спикер, "Роза төңкөрүшүнүн" лидерлеринин бири Нино Бурджанадзе 10 пайызды алгандыгын көрсөтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын 46.6 пайызы катышты. Олуттуу эреже бузуулар тууралуу арыздануулар түшө элек.

Президенттик шайлоодо жеңген Маргвелашвили 44 жашта, ал Иванишвилинин кыймылы былтыр бийликке келгенден кийин кыска мөөнөт министр болуп турду. Болбосо, аны саясатта көп тажрыйбасы жок илимий ишмер катары сыпатташууда.

Маргвелашвили кабарчыларга "Грузия кыялы" кыймылынын жетекчилиги астында саясий күч топтоо зарыл экендигин мындайча баяндады:

– Бүгүн өтө маанилүү күн, себеби шайлоо өтө тынч, европалык стандарт менен өттү. Бул шайлоо демократиянын жана саясий багыттын консолидациясына алып келет. Биздин өлкө, биздин улут нагыз европалык мамлекет болот.

Президент Саакашвили бийликке мындан туура он жыл мурда "Роза төңкөрүшүнөн" кийин келген эле. Эми Иванишвили негиздеген "Грузия кыялы" өкмөттү да, президенттик кызматты да өз көзөмөлүнө алганы турат.

Бийликтеги кезинде Саакашвили Грузияны Батышка ыктатып, ошондой эле коррупцияга каршы күрөштө бир топ жылыштарга жетишкен. Бирок кийинки жылдары аны авторитаризмде күнөөлөшүп, ошондой эле акыйкаттык системасындагы реформанын кемчиликтери үчүн сындалып келди. Ал Грузиянын 2008-жылы Орусия менен согушта жеңилиши үчүн да катуу айыпталган.

Саакашвили шайлоонун жыйынтыгын «Грузия жана анын келечеги үчүн олуттуу артка чегинүү» деп мүнөздөдү. Бирок ал шайлоочулардын демократиялык чечимин тааныш керек деп эсептейт:

Президенттик шайлоо өтүп, Грузия жаңы президент шайлады. Мен добуш берүүгө катышкан бардык шайлоочуларга ыраазылык билдирем. Анткени (акыйкат шайлоолор) демократияны өнүктүрүүгө жардам берет. Ал эми демократия биздин саясий системанын түп негизи, биз аны менен сыймыктанышыбыз керек.

Бир жылча мурда Саакашвилинин партиясын шайлоо аркылуу бийликтен четтеткен "Грузия кыялынын" башчысы, премьер-министр Бидзина Иванишвили жаңы президент шайланып, жаңы өкмөт башчысы бекигенден кийин бир жума ичинде кызматынан кетүүгө убада берген.

Беш миллиард доллардан ашык мал-мүлкү бар Иванишвили Грузиядагы эң бай адам деп саналат. Ал Саакашвили бийликтен кеткенден кийин максатыма жеттим деп эсептээрин айткан. Иванишвили бийликтен кеткен менен саясатка кийлигишээр-кийлигишпеси, кийлигишсе, канчалык деңгээлде аралашары анык эмес.

Саакашвилиге карата кылмыш иши козголушу мүмкүндүгү айтылып келет. Бирок ал шайлоо күнү Грузиядан кетип калуу ниети жок экендигин бышыктады.

"Грузия кыялы" өкмөттү өз көзөмөлүнө алгандан бери, Саакашвили менен алакалаш бир катар саясатчылар кылмыш айыптоолору менен камакка алынган.

XS
SM
MD
LG