Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Мурдагы үч судьяга кылмыш иши козголду


Жалал-Абад облустук соту “Санпадагы” кандуу окуя боюнча айыпталган Шамшидин Ниязалиевди бошоткон мурдагы үч судьяга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук прокурор Кылычбек Токтогулов кабарлады.

Сузак райондук соту Ниязалиевди "массалык башаламандык уюштурган", "адам өлтүргөн" деген беренелер менен өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Облустук сот ага тагылган оор беренелерди кыскартып, 150 миң сом айып пул салып сот залынан бошотуп жиберген. Жогорку Сот 2-апрелде облустук соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген болчу. Учурда Ниязалиевге эл аралык издөө жарыяланды.

"Санпа" окуясы боюнча 20дай адам соттолуп, анын 17си өмүр бою абакка кесилген. 2010-жылдын "Санпа" заводунун жанындагы окуяда он адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, талап-тоноолордон тышкары эки киши дайынсыз жоголгон. Облустук милиция тогуз машине өрттөлгөнүн маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG