Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Ата-энелер Анара Дауталиевага нааразы


Бүгүн Бишкектеги 82, 186, 107-бала бакчаларга балдары барган ата-энелер маалымат жыйын өткөрүп, мыйзамсыз текшерүүлөргө нааразы экенин билдирип чыгышты.

Алардын айтымында, жакынкы айлардан бери Бишкек мэриясынын Социалдык тамактандыруу департаментинен уруксат алган укук коргоочу Анара Дауталиева планда жок, эрежеге туура келбеген аракеттери менен бакчалардын тамак-аш блогун каалаган күнү ыксыз текшерүүгө алып жүдөтүүдө. 107-бала бакчанын медайымы Асылкан Сатыбалдиеванын айтымында, санэпидстанция корутундусуна карабай Дауталиева эч кандай меддокументтерсиз, тийиштүү кийим кийбестен, кир колдору менен балдардын тамагын текшерүүгө алууда.

Ата-энелер бийликке жана коомчулукка мыйзамсыз текшерүүлөргө чек коюу өтүнүчү менен кайрылды.

Анара Дауталиева буга чейин борбордогу бала-бакчалардын тамак-ашын текшерүүгө алып, кээ биринде сапаты начар, мөөнөтү өткөн тамактар берилерин айтып чыккан. Ата-энелердин нааразылыгы боюнча аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG