Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Юридикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү жарык көрдү


Юридикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн бет ачар аземи бүгүн Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында өттү.

Жогорку Кеңештин 2012-жылы юридикалык аталмалардын бирдиктүү сөздүгүн түзүү демилгесинен кийин кыргыз тилиндеги юридикалык терминдерди иштеп чыгуу үчүн президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын, мамлекеттик органдар менен жогорку окуу жайлардын, сот бийлигинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Сөздүк кыргыз тилинин стандарттарына ылайыктуу экспертизалардан өткөрүлдү. 14 миң аталманы камтыган сөздүктүн электрондук түрүн түзүү пландаштырылып жатат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул басылма мамлекеттик органдардын иш кагаздарын бир түргө келтирүүгө, котормолордун сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт жана мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG