Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Бороондон жабыркаган кыргыз жарандар жок


Кыргыз жараны Толкун Сатыбаева-Вуд жашаган Портленд аралы, Дорсет аймагы, Англия, Британия.
Кыргыз жараны Толкун Сатыбаева-Вуд жашаган Портленд аралы, Дорсет аймагы, Англия, Британия.
Британ аралдары кабылган "Ыйык Иуда" бороонунан жабыркаган кыргыз жарандары жок. Бул маалыматты расмий булактар тастыктады. Куюндан катуу жабыркаган Англиянын түштүк-батышында бир гана кыргызстандык үй-бүлө жашайт. Шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымга жеткен Уайт аралынан алыс эмес Портленд аралында жашаган кыргыз жараны Толкун Сатыбаева-Вуд "Азаттыкка" буларды айтты.

– Мен турган Портленд аралы, негизинен, шамалдуу жер. Бирок эки күндөн бери шамалдын ылдамдыгы болуп көрбөгөндөй катуу болду. Кудайга шүгүр, мен жабыркаган жокмун. Портлендде ток жана суу үзгүлтүксүз, жолдор жана көпүрөлөр ачык. Кыргыз элчилиги да менден акыбалымды сурап кабар алды.

Дания, Германия жана Голландиядагы кыргыз жарандары жабыркабаганын алар "Азаттыкка" кабарлашты.

Бороон Ирландия, Франция, Бельгия, Нидерланд, Германия, Дания, Швеция, Норвегия, Латвия, Эстония жана Финляндия сыяктуу өлкөлөрдү кыйгап өттү. Жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок.

Британиянын Айлана-чөйрө боюнча агенттиги нөшөрлөп жааган жамгырдан улам өлкөдө 141 жерди сел каптоо коркунучу бар экенин эскертти. Синоптиктер "Ыйык Иуда" бороону Ленинград областы чектешкен Фин кысыгына багыт алганын кабарлашты.

Бул сыяктуу бороон акыркы ирет 1987-жылы катталган.

"Ыйык Иуда" бороону Британияда, Германияда, Голландияда, Данияда жана Францияда жалпысынан 20 чакты адамдын өмүрүн алды. Мерт кеткендердин көбүн кулаган дарактар басып калган. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Куюндун ылдамдыгы Данияда секундасына 54 метрге чейин жетти. Шамалдын ылдамдыгы Англиянын айрым жерлерде секундасына 44 метрге, ал эми Лондондо 32 метрге чейин жетти деп Метеорология кызматы маалымдады.

Бороон Британия боюнча 607 миң жана Францияда 65 миңден ашуун үйдү токсуз калтырды.

Дүйшөмбү 28-октябрда Лондондогу "Хитроу" аэропорту 130 рейсти жана Амстердамдагы "Схифол" аба майданы 42 каттамды токтоткон. Ал эми Копенгагендеги "Каструп" аэропорту толугу менен жабылган. Куюнга кабылган аймактарда темир жол, кеме каттамдары да кыскарып, айрым тоннелдер жана көпүрөлөр жабылган.

Шейшемби 29-октябрда Лондондо коомдук транспорт каттамдары калыбына келе баштайт деп кабарлады шаардык мэрия. (BAz)

XS
SM
MD
LG