Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Карзай Пакистандан талибдердин башчысын талап кылууда


Ооган президенти Хамид Карзай шейшембиде Британияда болуучу үч тараптуу сүйлөшүү учурунда Пакистанга талибдердин мурунку башчысы жайгашкан жерди көрсөтүү талабын коймокчу. Карзайдын өкүлү Амал Фаизинин Лондондогу жолугушуу алдында билдиргени боюнча расмий Кабул Исламабаддан талибдердин мурунку башчысы Молдо Абдулла Гани Барадердин дарегин талап кылат.

Ооган президенти Хамид Карзай Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф жана Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерон менен шейшембиде жолугушат.
Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ылайык, Пакистан Молдо Барадерди сентябрь айынын аягында бошотууга тийиш болчу. Айрым маалыматтарга ылайык, Барадер бүгүнкү күнгө чейин Пакистан бийликтеринде үй камагында жатат.

XS
SM
MD
LG