Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Британия: бороондон жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок


Бул маалыматты расмий булактар тастыктады. Куюндан катуу жабыркаган аймакта - Англиянын түштүк-батышында бир гана кыргызстандык үй-бүлө жашайт. Ошондой эле Дания, Германия жана Голландиядагы кыргыз жарандары жабыркабаганын алар “Азаттыкка” кабарлашты. Бороон Ирландия, Франция, Бельгия, Нидерланддар, Германия, Дания, Швеция, Норвегия, Латвия, Эстония жана Финляндия сыяктуу өлкөлөрдү кыйгап өттү.

Айлана-чөйрө боюнча агенттик нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Британияда 141 жерди сел каптоо коркунучу бар экенин эскертти. Синоптиктер "Ыйык Иуда" бороону Ленинград областы чектешкен Фин кысыгына багыт алганын кабарлашты. Бул сыяктуу бороон акыркы ирет 1987-жылы катталган. “Ыйык Иуда” бороону Британияда, Германияда, Голландияда, Данияда жана Францияда жалпысынан 20 чакты адамдын өмүрүн алды. Мерт кеткендердин көбүн кулаган дарактар басып калган.(BAz)

XS
SM
MD
LG