Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Сарууда сабалды деген күч кызматкерлери ооруканада


Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын башкы врачы Токтобек Маанаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ооруканага кечээ үч киши келип түшкөн. Экөө жеңил сокку жеген, бирөө башынан жаракат алган.

Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг уюштуруучулардын бири Замир Меңдибаев кечээ Саруу айлында УКМК кызматкерлери айылдык эки жигитти кармап бараткан жеринен жергиликтүү тургундар ажыратып калууга аракет кылышканын, сабоо болбогонун, райондун акими, милиция башчысы буга күбө болгонун “Азаттыкка” айтты.

Бул маалыматты Жети-Өгүз райондук милициясынан жана акиминен тастыктоого мүмкүнчүлүк болбоду.(MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG