Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

АКШ элчилиги милицияга кайрылган жок


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги шектүү конверт боюнча милицияга арыз жазган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов кабарлады. Анын айтымында, конверттеги порошок текшерүүгө берилген эмес. Ал “Манастагы” Транзиттик борбордон текшерилди.

АКШ элчилиги 28-октябрда белгисиз бирөөдөн ичине ак порошок салынган шектүү конверт келгендигин кабарлаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, порошок адамдын ден соолугуна зыяны жок экени айтылууда. Азырынча аны ким, кайдан жана эмне максатта жибергени белгисиз. Ушул тапта элчилик кадимки тартипте иштөөдө. Шектүү конверт боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдарына маалымат берилди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG