Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Москва: Кыргыз тил жана маданият борборуна Айтматовдун аты берилди


Москвадагы Мамлекеттик лингвистикалык университеттин Кыргыз тил жана маданият борборуна залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди.

Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. Аталган университетте “Айтматовдун ааламы” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп, ага жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова, Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов, Кыргыз эл артисти Болот Шамшиев, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти жана Айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев, элчи Болот Жунусов баштаган КМШ өлкөлөрүнүн диаспора өкүлдөрү, студенттер катышты.

Анда жазуучунун чыгармачылыгына арналган докладдар окулуп, талкууланды. Соңунда Айтматовдун чыгармаларын түбөлүккө калтыруу жана иликтеп-талдоо, Мамлекеттик лингвистикалык университет менен бул багытта кызматташуу боюнча резолюция кабыл алынды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG