Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Сирияда тажиктер да согушуп жатканы расмий тастыкталды


Тажик президентинин өкүлү Абдуфаттох Шарипов “Азаттыкка” сүйлөп жатып, тажик улутундагылардын ал согушка катышканы келечекте Тажикстандын өзүнүн коопсуздугуна коркунуч туудураарын айтты. Шарипов тажик бийликтери Дамаскиге кайрылып, Сирияда согушуп жаткан тажиктер жөнүндө толугураак маалымат сурай турганын да кошумчалады.

Сириянын башкы муфтийи Ахмад Бард ал-Дин Хассун жекшембиде Москвадан сүйлөгөн сөзүндө азыр өлкөдө козголоңчулардын катарында АКШ, Кытай жана Евробиримдиктен барган 100 миңдей чет өлкөлүк жаран согушуп жатканын айткан. Анын ишениминде, Тажикстандан 190дой адам, андан сырткары, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Түркмөнстан жана Чеченстандан баргандар да бар.

XS
SM
MD
LG