Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Улуттук гвардиянын объекттери боюнча кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура Улуттук гвардияга караштуу имараттардын мыйзамсыз сатылышы жана алардын тарыхый жана маданий эстеликтер тууралуу мамлекеттик тизмеден чыгарылганына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Маалыматта айтылгандай, кылмыш иши КР КЖКнин коррупция беренеси боюнча козголду.

Башкы көзөмөл органы Бишкектеги №1 аскер шаарчасындагы Улуттук гвардияга таандык объекттердин "ЮНИС-Курулуш" ишканасына мыйзамсыз берилүүсүн иликтеп чыккан. Ага ылайык, аталган объект 2006-жылы январь айында мамлекеттик мүлк фонду тарабынан атайылап 32,5 млн. сомго арзандатылып, 46 млн. сом деп бааланган. Ал эми Бишкек мэриясынын токтому менен Улуттук гвардияга тиешелүү 1,6 гектар жер “ЮНИС-Курулуш” ишканасынын менчигине өткөрүп берилип, көп кабаттуу менчик турак үйдүн курулушуна уруксат берилген.

Менчиктештирүү тууралуу мыйзамда Кыргызстандын күч органдарына тиешелүү объекттерди сатууга тыюу салынган, ошондой эле Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча сатылып, сүрдүрүлгөндөр арасында 1917-жылы курулган, тарыхый эстелик саналган казарманын имараты болгон. Аталган казарма 2006-жылы Бишкек мэриясы тарабынан тарыхый-маданий эстеликтердин тизмесинен чыгарылган.

Учурда кылмыш иши иликтенип жатат деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG