50 жуптун үйлөнүү үлпөтүн Бишкектеги Сүйүү паркында атайын уюштурулган “Бекем үй-бүлө – өнүккөн өлкөнүн туткасы” деген аталыштагы иш-чара коштойт.
Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча иш-чара үй-бүлөнүн баалуулуктарын бекемдөөгө, эне менен баланы колдоо жана демографиялык маселелерди чечүүгө багытталып, ырчы-чоорчулардын катышуусунда өткөрүлөт.
Массалык түрдө үйлөнүү үлпөтүн өткөрүү жаш үй-бүлөлөрдү колдоо максатында КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин демилгеси менен 2010-жылдан бери уюштурулуп келатат. Бул долбоор демөөрчүлөр жана донорлордун колдоосу менен өткөрүлүп жатканы баса белгиленүүдө.(ZKo)