Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

УКМК, ИИМ жетекчилери парламентке чакырылды


Жогорку Кеңеш Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылындагы кырдаал боюнча маалымат алуу үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жетекчилерин чакырды. Мындай чечимди эл өкүлдөрү бүгүн пленардык жыйында кабыл алышты.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, он бири УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Айрым депутаттар камалгандар сабалганын билдирип жатышат.

Депутат Равшан Жээнбеков Жети-Өгүз экинчи Аксыга айланып баратканын белгилеп, бул маселени парламентте талкулоону сунуштап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG