Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Тогуз-Торо милициясы жаңы имараттуу болду


Райондук милициянын имаратынын курулушу мындан эки жыл мурун башталган. Анын курулушу үчүн марафон өткөрүлүп, каражат жыйналган.

Милициянын 1980-жылы курулган имараты эскирип, кыйроо абалында калган болчу. Имарат кечээ ишке берилип, ИИМ тарабынан "Нива" автоунаасы, жаңы эмеректер менен компьютер тапшырылып, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробековго "Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу" деген наам ыйгарылганын башкарманын басма сөз кызматы кабарлады.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG