Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Нарын: шаар тургундары жеке ишкерге нааразы


Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтында 50дөй адам чогулуп, Нарын дарыясынын жээгиндеги жеке ишкер Жамгырбай Жолдошбаевге таандык шагыл-кум казылчу карьерди мамлекетке өткөрүү талабы менен нааразычылык акциясына чыгышты.

Митингдин уюштуруучусу Жыргалбек аттуу жашоочунун айтымында, эл карьердин ээси өзү каалаган баа менен шагыл-кум сатканына нааразы. Акцияга чыккандар карьерге келген чоң унаалар, техникалар жакын жайгашкан үйлөргө залакасын тийгизип жатканын да маалымдашты.

Чогулгандарга шаар мэри Баатырбек Жээналиев чыгып сүйлөп, мэрия жеке ишкер менен соттошуп утулуп калганын, эми жогорку бийликтегилерге кайрылып жатканын билдирди. Митингчилер бир жума убакыт берип, талаптары аткарылбай турган болсо жеке ишкердин карьерин басып алышарын билдирип, тарап кетишти. (Tsh)

XS
SM
MD
LG